Кикбоксинг боюнча мелдешке келип соккудан каза болгон баланын өлүмү иликтенүүдө

27 август 2018 13:30 1436 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Милиция Токмок шаарындагы кикбоксинг боюнча мелдештен кийин каза болгон баланын өлүмү боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Чүй ИИБнин маалымат кызматынан билдиришти. 

Укук коргоо органдарынын берген маалыматына ылайык, окуя 19-август күнү болгон. 14 жаштагы өспүрүмдүн Токмок шаарындагы спортчу Руслан Абасовду эскерүү үчүн уюштурулган мелдешке келип, көз жумгандыгы  тууралуу маалымат түшкөн.Спортчу биринчи  раундда эле соккудан улам эс-учун жоготуп койгон. Спорттук мектептин дарыгерлери алгачкы жардамды көрсөтүп, андан соң ооруканага жеткиришкен. Бала бейтапканадан каза болгондугу айтылган. Өспүрүмдү жакындан билебиз деген айрым интернет колдонуучулар, анын талма оорусу бар экендигин айтышууда. 

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө жүрүп жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/kikboksing-boyuncha-meldeshke-kelip-sokkudan-kaza-bolgon-balanyn-lm-iliktend



Добавить комментарий