Cасык тумоодон сактануунун эффективдүү жолдору
Күз жаз айларындагы чоңдор жана жаш балдар арасында сасык тумоо оорусу күч алат. Бул учурда ооруган жерин айта албай ыйлоо менен кыйналган кичине балдарга кандай алдын алуу жолдору бар экенин ден-соолукту чыңдоо адистери кеңеш берет.
Кичине балдар арасында сасык тумоонун алдын алуудагы негизги чаралар жеке гигиена эсептелет. Бул нерселердин кээ бирин балага кичине кезинен эле үйрөтүү керек. Мисалы, өзгөчө тамак ичээр алдында тез-тез колун жууганга көндүрүү. Балаңызга коомдук жайларда колун бетине тийгизбөөнү эскертип туруңуз. Себеби пандустарда, столдордо жана башка нерселерде оорулуу адамдын шилекейи калып калышы мүмкүн.
Көп учурда ата-энелер баласын ооруп калбасын деп кооптонгондуктан, бөлмөнү желдептей, терезелердин баарын жабык бойдон кармашат. Кургак жана жылуу аба вирустун тарашына жакшы шарт түзөт. Андан көрө баланы жылуу кийинтип, ал жайгашкан бөлмөнү күнүнө бир жолудан желдетип туруу керек. Эгер үйдө оорулу адам пайда болсо, аны баланыздан алыс кармаңыз, бет кап кийгизип,идиш-аягын өзүнчө бөлүп койуңуз. Балдарды сасык тумоодон алдын алуунун эң жакшы жолу - дени сак жашоо. Дайыма уйктоо, таза абада сейилдөө, туура тамактануу, стресс болбоо – булардын баары баланы ооруларга каршы туруусуна жардам берет.
Фитонциддер. Сасык тумоодон табыгый дезинфекция сактайт, мындай сапат кээ бир өсүмдүктөрдө кездешет, (негизинен ийне жалбырактуулар – арча жана эфир майлары, эфкалипт) ошондой эле фитоцид камтыган өсүмдүктөр (пияз, сарымсак). Эне сүтү. Эмчек эмген балдар үчүн сасык туумоонун алдын алуудагы эң мыкты каражат эне сүтү болуп эсептелет.
Балдар арасындагы сасык тумоону алдын алуу өтө оор жана көп каражат колдонуучу иш чараны талап кылбайт, эмдөө жана өздүк гигиенаны сактоо менен сергек жашоо мүнөзүн кармануу керек. Бул абдан маанилүү, акыбети кайтпай койбойт ал сиздин балаңыздын саламттыгынын чың болушу.
Ссылка: https://barometr.kg/kichinekej-baldar-arasynda-sasyk-tumoonun-aldyn-aluu
Добавить комментарий ×