Кезектеги Мисс Кыргызстан 2018дин жыйынтыгына көпчүлүк нааразы

6 ноябрь 2018 12:45 2321 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 5-ноябрында сулуулар сынагы болуп өттү. Сынактын жүрүшү тууралуу Анжелика Кайратова өзүнүн инстаграм баракчасынан кабарлады. 

Маалыматка ылайык, өлкөнүнуусу наамын алыш үчүн 25 кыз ат салышып, 22 жаштагы Айжан Жеңишова жеңишке жетти. Ал кичи мекени Ысык-Көл облусунун атынан чыккан.
Ал эми вице-мисс наамына 19 жаштагы Нуриз Бектурова ээ болду. Экинчи вице-мисс наамын 18 жаштагы Эльгиза Ырсакунова, үчүнчүнү Арина Сулайманова илип кетти.

Жеңүүчү таажыдан сырткары, баш байге Mercedes-Benz A 140 үлгүсүндөгү унаага ээ болот жана эл аралык сулуулук сынактарынын бирине Кыргызстандын атынан катыша алат. Калган байгелүү орундарга илинген кыздар Түркияга туристтик жолдомо алышты.

Бирок көпчүлүк сынактын жыйынтыгына жана анын кайра-кайра өткөрүлүп жаткандыгына нааразычылыктарын билдиришти.
Көпчүлүк байгелүү орундар сатылган жана бул чыныгы сынак эмес деген сындуу ой-пикирлерин жазып калтырышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kezektegi-miss-kyrgyzstan-2018din-zhyjyntygyna-kpchlk-naarazy



Добавить комментарий