Керим Турапов: Ибрагим Жунусовдун дарегине мен тараптан ачуу сөздөр айтылган
Опера жана эстрада ырчысы Керим Турапов Кыргызстандагы гезиттердин бирине маек берип жатып, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси, ырчы жана обончу Ибрагим Жунусов тууралуу сын жазган эле.
Арадан жарым ай убакыт өтпөй Керим Турапов Ибрагим Жунусовдон кечирим сурады.
“Гезитке чыккан маегимде такталбаган маалыматтардын негизинде Ибрагим Жунусовдун дарегине мен тараптан ачуу сөздөр айтылып кеткен болчу. Ошондуктан Ибрагимге “ак чөп башта” деп айтмакчымын. Ачуу-душман, акыл-дос деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Ибрагим Кожоназарович экөөбүздүн мамилебиз дайыма сый болгон жана боло бермекчи”, - дейт Турапов.
Ссылка: https://barometr.kg/kerim-turapov-ibragim-zhunusovdun-daregine-men-taraptan-achuu-szdr-ajtylgan
Добавить комментарий ×