Кенже Дүйшеева: "Сени бетме-бетке түз эфирге чакырам, кел!"

25 февраль 2019 11:03 5239 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

"Кыз бурак" тобунун мурдагы ырчы кыздары Айжамал Кабылова менен Кенже Дүйшееванын ортосундагы кайым айтышуу уланууда. Бул тууралуу кечээ Айжамал Кабылова Кенже Дүйшеевага жооп кылып окуянын жүрүшүн жазып чыкты. Буга жооп кылып Кенже Дүйшеева:

"Өкүнүчтүү! Дагы эле өз оюң пикириң жоктугуңду көрсөттүң! Сени бүткүл кыргыз элинин алдында түз эфирге чакырам! Бетме бет! Кел!", -деген пост жазып чыгып ага кошумча "Сага жазып беришкени көрүнүп турат деп баса белгилеп:

"Бул менин дарегиме каралоо деп кабыл алдым! 100% калп! Бул иштин башында ким турганын эми аңдадым", -деп сөзүн жыйынтыктады.

Буга көпчүлүк Дүйшееванын күйөрмандары "шеринеде жазып берди да", "Айжамал күйөөсүн жамандап жүрдү эле го", "өзү үчүн жооп бербейби, Гүлшайыр, Гүлнара деп башкаларды кошпой" дешип Кабылованын дарегине терс пикирлерин жазып калтырышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kenzhe-djsheeva-seni-betme-betke-tz-efirge-chakyram-kel



Добавить комментарий