Кеминде 12 жаштагы бала сууга чөгүп кетти
Бөлүшүү:
Кеминдеги Чүй суусуна түшүп кеткен жаш баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Окуя, кечээ 6-июлда Кемин районунун Нур айылында катталган. Анда Чүй суусуна 2008-жылы туулган жаш бала түшүп кеткен.
Жерине Кемин райондук №5 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана Токмок шаардык №21 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.
Бүгүн издөө иш-чаралары саат 06:00дө башталган. Ага 5 куткаруучу, чек ара кызматынан 2 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, саат 07:43тө маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди
Добавить комментарий ×