Кечир бизди, Бурулай... Милициянын имаратында өлтурүлгөн 19 жаштагы кызга кат

4 июнь 2018 10:06 7165 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык тармактарда колдонуучулар милициянын имаратында өлтурүлгөн 19 жаштагы кызга “Кечир бизди, Бурулай...” деген темада кат жазышты. Социалдык тармактарда Нурсултан Акылбек деген колдонуучу милициянын имаратында жырткычтык менен өлтүрүлгөн 19 жаштагы Бурулай Турдалиевага кат жазды. Ал өз катында Бурулайга кайрылып, аны өлүмдөн куткара албай, коргой албагандыгы үчүн кыргызстандыктарды кечирип коюшун суранат.

Бул билдирүү колдонуучулар арасында чоң колдоо тапты. Бурулайга жазылган кат:

“Кечир бизди, Бурулай... Биз, жаш кыз Бурулай жырткычтык менен мамлекеттик имараттын ичинде өлтүрүлүп жаткан учурда, биздин милициянын кайдыгерлигине күбө болдук. Өткөн жумада биздин өлкө бейбаш жигиттин жаш кызды ала качышы менен гана эмес, аны коргоого милдеттүү болгон мекеменин ичинде жырткычтык менен өлтүрүлгөнү дүйнөгө дүң болду. Адам өмүрүнүн баасын биз эки башка окуя менен көрө алабыз. Грузияда өлтүрүлгөн өспүрүмдун атасы баласын өлтүргөндөрдү калкалап жатат деп прокурорлорду айыптады жана коомчулукту тилектештикке чакырды. Ири шаарларда миңдеген митингдер өтүп, башкы прокурор отставкага кетти. Митингге чыккандар премьер-министрдин жумуштан кетишин талап кылды. .. Бизде болсо, ири эл аралык уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүнө карабай, кыргызстандык расмий өкүлдөр үн катпай жатат. 15 милиционерди жумуштан кетирдик же кетиребиз, дагы башка чараларды көрөбүз деп жазышты... Биринчиден, ала качуу- жапайычылык, ал эми мындай кырдаалда өлтүрүү – эң оор кылмыш. Тез арада чараларды көргүлө. Мүмкүн, азыркы бар мыйзамды эле катаалдаштырып, “Бурулай мыйзамы” деп атоо керек. Бул мыйзам кыздардын укугун коргоп, ала качууга катышкандарды катуу жазаламак. Кадрдык алмашуулар менен алек болуп жаткан жаңы шайланган өкмөт, бул кызга силердин бооруңар ооруган жокпу?-“ деп жазылат катта. Эске салсак, 2018-жылдын 27-майында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндо 30 жаштагы Марс Бөдөшев үйлөнүү үчүн ала качып кеткен 19 жаштагы Бурулай Турдалиеваны бычактап салган. Андан соң ал өзүнүн денесин да бычактаган. Кыздын денесине жигит Н+Б деген жазууну калтырган. Бурулайды 30-майда жерге беришти. Кыздын жырткычтык менен өлтүрүлүшү чоң чуу жаратты. 1-июнда ИИМ жетекчиси бул ишти жеке көзөмөлүнө алды. Мекемеден билдиришкендей, бул окуяга жолтоо болбогон милиция кызматкерлери жумуштан алынат.

Ссылка: https://barometr.kg/kechir-bizdi-burulaj-miliciyanyn-imaratynda-lturlgn-19-zhashtagy-kyzga-kat



Добавить комментарий