Көчмөндөр оюндарынын ачылышына аз гана минуталар калды
Көчмөндөр оюндарынын ачылышына аз гана минуталар калды. Оюнду көрүүгө келген коноктордун ар бирине белек берилип жатат. Жагымдуу маанай тартуулаган баштыктын ичинде Кыргызстандын желеги, кепка, түндө күйгүзгөнгө шам жана ДКО тууралуу кыскача маалымат жазылган брошюра бар.
Ошондой эле, бүгүн Татарстандын президенти Рустэм Минниханов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан дагы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышуу үчүн келишти. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда аларды Кыргыз республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды.
Ссылка: https://barometr.kg/kchmndr-oyundarynyn-achylyshyna-az-gana-minutalar-kaldy
Добавить комментарий ×