Көчмөндөр оюндары: Роликтерди тартууга 3,5 млн сом сарпталат
Бөлүшүү:
Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыялангандай, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылышы үчүн роликтерди тартууга 3,5 млн сом сарпталат.
Маалыматка ылайык, конкурсту уткан компания режиссер, адистер, операторлору менен 20 мүнөттүк ролик тартышы керек. Ролик кумдуу жээкте, талаада, Хан-Теңир чокусунда тартылат. Ага 40 каскадёр катышат. Ролик театралдашкан оюндар менен коштолуп, ипоодромдогу оюндар коюлган учурда көрсөтүлөт. Анын мазмуну Көчмөндөр оюндарынын башкы режиссеру менен макулдашылат.
Белгилей кетсек, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Атада өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kchmndr-oyundary-rolikterdi-tartuuga-35-mln-som-sarptalat
Добавить комментарий ×