Күч түзүмдөрү “Форумду” камакка коюп, партия мүчөлөрүн кармап кетишти
Бөлүшүү:
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык “Форум” ишканасынын имараты камакка алынды. Бул Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ишке ашты.
Бул тууралуу аталган жайга келген күч органдарынын өкүлдөрү билдирди.
Күбөлөрдүн айтымында, атайын бөлүктүн аскерлери “Форумга” келип, ал жерде иштегендерди кармап баштаган. Ал эми Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөлөрү Темирлан Султанбековду жана Эрмек Океновду алып кетишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/kch-tzmdr-forumdu-kamakka-koyup-partiya-mchlrn-karmap-ketishti
Добавить комментарий ×