Казакстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий иш- сапары менен келди

28 май 2021 18:10 2696 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу менен 28-майда Казакстандын  Премьер-министринин орун басары тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Кыргызстанга расмий иш- сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

“Эки күндүк иш-сапардын алкагында Казакстандын тышкы иштер министринин президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов, тышкы иштер министр  Руслан Казакбаев менен жолугушулар, ошондой эле Ата-Бейит мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу жана башка маданий иш-чаралар пландаштырылууда.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, регионалдык коопсуздук жана чек ара кызматташтыгында, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан көп тараптуу өз ара аракеттенүүдөгү кыргыз-казакстандык кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана кыргыз-казакстандык мамлекеттик чек арасынын жүк ташуучуларынын тоскоолдуксуз өтүүсүн ишке ашыруу маселелерине  өзгөчө көңүл бурулат”,- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-tyshky-ishter-ministri-kyrgyzstanga-rasmij-ish-sapary-menen-keldi



Добавить комментарий