Видео. Кыргызстандык келинди чет өлкөлүк күйөөсү 10 жаш улуу аял үчүн таштап кетти
Айганыш Айтманбет аттуу кыргызстандык келин Казакстандын телеканалынын "Пендеміз ғой" программасына катышып өзүнүн оор тагдыры тууралуу айтты. Анын үч баласы бар. Эки баласы майып. Улуу баласы туулганда эле тубаса кулагы укпай төрөлгөн. Кичүүсү сүйлөбөйт. Ал эми күйөөсү өзүнөн 10 жаш улуу аялга үйлөнүп кетип калган.
Айганыш Айтманбет Кыргызстанда туулган, Казакстандын жарандыгын алган эмес, ошондуктан анын жолдошу Агабек балдарды өзүнө каттаткан.
2012-жылы туулган улуу баласы эч нерсе укпайт жана майыптарга берилчү жөлөк пулду алат. Жөлөк пулду башка аялга кетип калган атасы алууда.
Айганыштын айтымында Агабек үйгө башка аялдарды алып келип атайлап эле аны басынтчу.
Балдарынын жөлөк пулун өзүнүн керектөөсүнө жумшап, үй-бүлөсүн баккан эмес. Айганыш оорудан улам чачы түшүп калганда ага бир тыйын акча берген эмес.
Агабектин апасы ага кошулуп келинин айыптап үч баласы мен үйүнөн Айганышты кууп жиберишкен.Келиндин жашоосу тууралуу видеодон толук көрсөңүз болот.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyk-znn-uluu-ayal-chn-ch-balaluu-ayalyn-tashtady
Добавить комментарий ×