Казакстандык "сакалчан апа" чет элдик басылмаларды аны "террористтердин лидери" деп атаганы үчүн сотко берээрин айтты
Казакстандык 70 жаштагы сакалчан апа чет элдик ММКларды анын сүрөтүн террорчулук деп маалымат сайттарга колдонгондору үчүн жана диний эсктремисттердин мүчөсү деп жалган жалаа жапкандыктары үчүн сотко берээрин айтты. Бул тууралуу Nur.kz маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакстандын Туркестан облусунун жашоочусу Мухтабар Тораеваны Ирандык массалык маалымат каражаттары Сириядагы террористтердин лидери катары сыпатташкан. Ал тургай радикалдардын башчысы Абу Али аль-Машхадани өлтүрүлгөндө Мухтабар апанын сүрөтүн маалыматтык сайтка кошуп чыгарышкан. Буга карапайым элдер менен жашаган Мухтабар Тораева нааразы болуп: "Ушундай кантип болсун! Менин жашым 70 те. Кайдагы террористтерди айтышат. Менин айылда тууган-туушкандарым бар. Келиним, кудаларым жана бүтүндөй айылдын алдында уят болуп жатам"-деп билдирген.
Мухтабар апанын аброю, айткан акыл-кептери айылда кадыр баркка ээ. Ал эми ээгине өскөн сакалы апасынан, чоң апасынан калган тукум кууган нерсе деп билдирет өзү. Кырбайт жана эч нерсе кылбайт. Буга чейин чет элдик маалымат каражаттарына кызыктуу болуп, 70 жаштагы сакалчан энени ар кандай телевизиондук шоуларга дагы чакырып келишкен. Бирок Мухтабар Тораева бул нерсени түшүнбөстүгүн айтып, эфирге чыгууга каршы болуп келген.
Добавить комментарий ×