Казакстандан Кыргызстанга наркотикалык зат ташып өтүп бара жаткан кыргыз жараны кармалды

29 июнь 2018 20:40 854 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Казакстандан Кыргызстанга наркотикалык зат ташып өтүп бара жаткан кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу КР мамлекеттик чек ара кызматы маалымдайт. Берилген маалыматка ылайык Чүй облусунун Степное айылынан 50 метр аралыктагы казак-кыргыз чек арасынан мыйзамсыз түрдө өтуп бара жаткан  1981-жылы туулган А.С. аттуу жаран гашиш жыттанган 8 кг наркотикалык затты алып бара жаткан. Жарандын жанында өздүк документтери жок болуп чыкты. Текшерүүдөн кийин анын мурда соттолгону жана наркотикалык заттарды колдонуп жүргөнү аныкталды. Жаран КР ИИМдин территориялдык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandan-kyrgyzstanga-narkotikalyk-zat-tashyp-tp-bara-zhatkan-kyrgyz-zharany-karmaldy



Добавить комментарий