Казакстандагы куш салмай мелдешинде Жалал-Абаддын кушу чемпион болду

10 ноябрь 2019 23:36 713 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Караганды облусунда өткөн "Кушбегилик" өнөр боюнча калк аралык мелдеште Жалал-Абад облусунун тургуну Абдырасул Кубатов аттуу кушчу чемпион болду.

Бул тууралуу Кыргызстандын Салбуурун федерациясынын президенти Алмазбек Акунов “Barometr.kg” сайтына билдирди.

Абдырасул Кубатовдун кушу "Карчыга" куштар арасында сынакта 1-орунду ээлеп 250 000 теңге (45000 сом) акчалай байге алды.

Ал эми "Ителги салуу" боюнча мелдеште Ысык-Көлдүк кушчу Түгөлбай Абдыкадыров кушу менен экинчи орунду камсыздады. Бул мелдеште 1-орунду Казакстандын ителгиси ээледи”, - деди Алмазбек Акунов.

Ал ошондой эле, казак боордоштор Кыргызстандан барган делегацияга абдан жакшы мамиле жасап, өтө чоң сый-урмат менен узатышканын кошумчалайт.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandagy-kush-salmaj-meldeshinde-zhalal-abaddyn-kushu-chempion-boldu



Добавить комментарий