Казакстанда куткаруучулар кар алдында калган эки кишини казып алышты – видео
Бөлүшүү:
Казакстанда куткаруучулар кар күрткүсүнүн алдында калган эки кишини казып куткарып алышты. Кар алдынан кишилерди сууруп чыгып жаткан учурдун видеосу Казакстандагы телеграм-каналдарга жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кишилер Астана — Караганда жолунда кардын туткунунда калышкан.
Белгилей кетсек, Нур-Султанга январда калың кар түшүп, 1964-жылкы рекордду жаңылады. Андыктан аба ырайынын катаалдыгынын улам 27-январда Нур-Султанда өзгөчө кырдаал киргизилип, мектептердеги окуу токтотулган.
Ал эми муниципалдык жана куткаруу кызматтары күчөтүлгөн тартипте ишке кирген.
Синоптиктердин маалыматы боюнча Казакстандын көпчүлүк аймактарында калың кар жооп, ал бороон менен коштолууда.
Добавить комментарий ×