Казак бийлиги 2 миңден ашуун этникалык казактарды Кытайдан чыгарып кетүүгө уруксат алды
Кытайда уйгурлар менен кошо казактардын, кыргыздардын да укугу бузулуп жатканы, алар саясий лагерлерде негизсиз кармалып турганы тууралуу кабарлар 2017-жылдын жаз айларынан бери токтобой келет. Ал эми Кытай бийлиги 2 миңден ашуун этникалык казактарга Казакстанга чыгып кетүүгө уруксат бергендиги тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров 10-декабрда Астанадагы брифингде билдирди.
“Кытай тарап жакшы санаалаштык иретинде 2 миңден ашуун казактарга Кытайдын аймагынан чыгууга уруксат берди. Алар кармалган адамдар эмес, өлкөдөн чыга албай жаткандар”,-деп тактады министрликтин өкүлү.
Ал эми Бээжин дооматтарды толугу менен четке кагып, тарбия лагерлерин кесип жана кытай тилин үйрөтүүчү кадыресе борборлор деп мүнөздөөдө.
Кыргызстанда жашап жаткан бир катар шинжаңдык кыргыздар да өлкө бийлигинен Кытайда кармалып турган жакындарын бошотууга көмөктөшүүнү суранып жатышат.
29-ноябрда Бишкекте өткөн жыйында Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды коргоо” комитети да түзүлгөнү белгилүү болгон. Бул комитеттин маалыматында Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурат.
Добавить комментарий ×