Каза тапчу адам кандай түштөрдү көрө турганын аныкташты

6 март 2019 12:52 15959 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын  Нью-Йорк штатындагы Буффало шаарындагы хоспис жана паллиативдик көмөк борборунун медиктери он жылдан ашык жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялашты. Бул тууралуу "Популярная механика" басылмасы кабарлады.

Башында окумуштуу Кристофер Керр турган адистер адамдар каза тапканга чейин алардын түштөрүнө байкоо жүргүзүшкөн. Өлөр алдында адамдар баардыгы бирдей жана ачык түштөрдү көрө турганын аныкташкан. Мындай феномен 13 миңге жакын оорулуунун 88 пайыздында байкалган.

Пациенттердин 72 пайызы өлүмү жакындаганда түшүндө каза тапкан туугандары же достору менен жакшы маанайда сүйлөшүп жатышканын айтышкан.

59 пайызы бейтаптар түшүндө чемондандарын жыйыштырышканын, билет сатып алып жатканы тууралуу түш көрүшкөнүн, поезде түшүп же учак менен учуп, кээде жанында эбак каза тапкан туугандары менен көңүлдүү сүйлөшүп жатканы тууралуу түштөрдү көрүшкөнүн билдиришкен.

29 пайыз бейтаптар каза болор алдында тирүү жүргөн эле жакындарын көп түш көрө башташканын айтып беришкен.

Окмуштуулар табышмактуу түштөр адам каза болгонго чейин 10-11 аптада башталып, уламдан улам даана ачык болуп көрүнөрүн каттоого алышкан. Бул феноменди окумуштуу Керр өлүм алдында адамдын мээсинде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деген божомол менен түшүндүрдү.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kaza-tapchu-adam-kandaj-tshtrd-kr-turganyn-anyktashty



Добавить комментарий