Касым-Жоомарт Токаев Казакстандын президенттигине талапкер болуп катталды

3 май 2019 16:59 8252 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Касым-Жоомарт Токаев Казакстандын президенттигине расмий түрдө талапкер болуп катталды. Бул чечим бүгүн, 3-майда өлкөнүн башкы шайлоо комиссиясында бекитилди.

Касым-Жомарт Токаевдин ишенимдүү өкүлдөрү Казакстандын бардык 17 аймагынан 315 910 кол топтошкон, анын ичинен 313 653ү жарактуу деп табылган. БШК талаптарына ылайык, президенттикке талапкер 118 140тан кем эмес кол топтошу керек эле.

Керектүү колду чогулткан Касым-Жоомарт Токаевге БШК тарабынан  президенттикке тлапакерлик күбөлүгү берилди.

Белгилей кетсек, Казакстандын президенттигине талапкер катары жалпы 9 претендент ат салышкан. Бирок Талгат Ергалиев аттуу талапкер кайра баш тарткан. Кечээ, 2-майда Жуматай Алиев аттуу талапкер казак тилинде эркин сүйлөй албагандыгы үчүн талапкер катары каттоодон өтүүдөн четтетилген.

Казакстандын БШКсы тараткан расмий маалымат боюнча учурдагы талапкерлердин саны 7ге жетти. Алар: Сыдыкбек Тугел, Касым-Жоомарт Токаев, Амангельды Таспихов, Дания Еспаева, Толеутай Рахимбеков, Жамбыл Ахметбеков жана Амиржан Косанов.

Ссылка: https://barometr.kg/kasym-zhoomart-tokaev-kazakstandyn-prezidenttigine-talapker-bolup-kattaldy-dagy-bir-talapker-kazak-tilin-bilbegendigi-chn-chettetildi



Добавить комментарий