Кашкар Жунушалиев Россиянын өкүлү менен жолукту

18 октябрь 2019 15:36 1798 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев РФдин Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө кырдаалдар жана Ыйгарымдуу өкүлү Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу

ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

2019-жылдын 18-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев  РФдин Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө кырдаалдар жана Ыйгарымдуу өкүлү Удовиченко Николай Николаевич менен жолугушту. Аны Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Ефимов Юрий Николаевич менен РФдин ИИМнин Кыргыз Республикасындагы расмий өкүлү Лузганов Владимир Николаевич коштоп келишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн  маселелер талкууланып, пикир алмашышып, андан сырткары кыргыз-орус мамилелерин мындан ары бекемдөө маселелери дагы каралды. Эки тарап тең укук коргоо түзүмдөрүнүн эки тараптуу кызматташууларын жогору баалашып,  аны мындан ары дагы өнүктүрүү  керектигин  билдиришти.

Жолугушуунун аягында Кашкар Джунушалиев эки өлкө ортосундагы көп жылдык достук мамиле  Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын  укук коргоо органдары ортосундагы профессионалдык байланышты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызмат кылаарын баса белгиледи.

Жолугушуу жылуу, достук жана иштиктүү маанайда өттү.


Ссылка: https://barometr.kg/kashkar-zhunushaliev-rf-din-kl-menen-zholuktu



Добавить комментарий