Каржы министри Адылбек Касымалиев: "Мугалимдердин айлыгы 2019-жылы көтөрүлбөйт"

30 октябрь 2018 12:15 1915 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

2019-жылга мугалимдердин айлыгын көтөрүү пландалган эмес. Мындай маалыматты Каржы министри Адылбек Касымалиев 30-октябрда өтүп жаткан Жогорку Кенештин комитет жыйынында депутат Иса Өмүркуловдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. 

"2019-жылы мугалимдердин айлыгын көтөрүү пландалган эмес. 2020-жылдан тарта укук коргоо органдарынын маянасы көтөрүлөт", - деди министр.

Мен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлыгы тууралуу сураган жокмун. Алардын айлыгы жакшы. Аз болсо башка жактан алып жатат.  Мугалим, дарыгерлердин айлыгы көтөрүлүшү керек. Өкмөт бул боюнча иш алып баруусу зарыл", - деди депутат Иса Өмүркулов. 




Ссылка: https://barometr.kg/karzhy-ministri-adylbek-kasymaliev-mugalimderdin-ajlygy-2019-zhyly-ktrlbjt



Добавить комментарий