Карганын каркылдаганы эмне жөнүндө кабар берет?

21 май 2019 13:55 9196 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Карга – терс жана оң каситеттерге ээ болгон табышмактуу куш. Карга көпчүлүк убакта байыркы уламыштарда, жомоктордо  негизги каарман болуп саналат. Бул легендарлуу кушту көрө албагандар да, күйөрмандары да бири биринен ашат. Табышмактуу дүйнөлөр жөнүндө кабары жок шаар тургундары, булардан тынч эмес каркылдап  жүргөндөрүнөн жактыра беришпейт. Каргалар парктагы бардык бактарга жайгашып алышып, согушуп, катуу чыккан чатактарды кылышат.

Карга эмне жөнүндө кабар берет? 

1.Эгер карга эшиктин босогосуна келип, машинага, үйдүн бурчуна көпкө отуруп алса- анда жакынкы арада терс маселелер, жагымсыз жагдайлар болушу мүмкүндүгүн эскертет;

2.Жаныңыздан оозунда тиштеген олжосу менен учуп өтүп кетсе- бул сизди ийгиликке чакырат;

3.Эгерде жолуңуздун алдынан чыгып канаттарын күүлөп калса, жашооңуздан өзгөрүүлөрдү күтө бериңиз, бирок баарына даяр болуңуз;

4.Даракка отуруп алып сизди карап каркылдап жатканын сезип калсаңыз, жакын туугандарыңыздан, досторуңуздан колдоого ээ болосуз;

5.Карга бир топко чейин сиздин терезени карап каркылдап калса, капыстан терезеңизге келип отутуп алып каркылдаса,- карга сизди  күтүп жаткан терс абал, сизге жасалып жаткан жашыруун көрөалбас иштер жөнүндө кабарлагысы келип жатат;

6.Карга –бир нерсеңизди тиштеп качса, алдыда бир буюм, нерсеңизди жоготусуз.

Карганы каркылдаганына карап ургулай бербеңиз. Тескерисинче тынчсызданган белгилери үчүн каргага канатыңа кайрат, чымыр канат,  узак кылымдарды тилеңиз. Ал эми каркылдаган карганы жолуктуруп, капыстан  кезигип калсан,  жакшы гана жактарга жоруп биринчиден өзүңө, анан эң жакындарыңа, жакшы нерселерди  тилек кылышың  керек.

Ссылка: https://barometr.kg/karganyn-karkyldagany-emne-zhnnd-kabar-beret



Добавить комментарий