Караколдо 8-класста окуган кыз тууганынан боюна бүтүп, эркек бала төрөдү

16 май 2019 23:56 4591 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Каракол шаарында 8-класстагы окуучу кыз эркек бала төрөдү. Жети-Өгүз райондук прокуратурасы берген маалыматта 15 жашар кыз Саруу айылында жашайт.

«Окуучу кыз Каракол шаарындагы төрөтканада төрөдү. Медицина кызматкерлери үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмгө чалып кабарлашкан. Алдын ала алынган маалыматтарда кыздын өзүнүн тууганынан боюна бүтүп калган. Баланын абалы жакшы жана учурда энеси менен бирге. Окуучу кыз 2018-жылдын декабрь айынан тартып мектепке келбей калган»,-делет маалыматта.

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы социалдык жактан коргоо органдарына энени жана баланы коргоо боюнча индивидуалдуу план түзүүнү тапшырды.

Ссылка: https://barometr.kg/karakoldo-8-klassta-okugan-kyz-tuuganynan-boyuna-btp-erkek-bala-trd



Добавить комментарий