Каракол шаарында кызылчанын баасы 100 сомго чыкты
Бөлүшүү:
Ысык-Көл областынын Кара-Кол шаарында кызылчанын 1 килограммынын баасы 100 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү сатуучулар маалымат булактарына билдиришти.
“Бизге Чүй областынан кызылчанын 1 килограммын 95 сомдон дүң баада алып келип жатышат. Биз болгону үстүнө 5 сом кошуп сатып жатабыз”,-деп билдиришти жергиликтүү тургундар.
Кызылчанын эң жогорку баасы 35-45 сомдон бааланып келген.
Буга чейин Кыргызстанда сабиздин килограммы 100 сом болуп, кызуу талкууга алынган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/karakol-shaarynda-kyzylchanyn-baasy-100-somgo-chykty
Добавить комментарий ×