Кара-Суу районунда добуш сатып алам деген жаран 313 000 сом менен кармалды

2 октябрь 2020 21:33 2478 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын 1-октябрында  Ош ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип  түшкөн,  анда 2020-жылдын 1-октябрында саат 18:00 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айылында белгисиз адам тарабынан акча сунушталып жаткандыгы айтылган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Аталган маалымат Ош ОИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  катталды.  

Алгачкы тергөөнүнүн жүрүшүндө 2020-жылдын 25-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын жаранында жалпы суммасы 313 000 сом акча каражаты бар экендиги аныкталган. 

Азыркы учурда кайсыл бир партияга тиешеси бар же жок экендиги боюнча тиешелүү тергөө амалдары аткарылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suu-rajonunda-dobush-satyp-alam-degen-zharan-313-000-som-menen-karmaldy



Добавить комментарий