Кара-Көл шаарынан бир килограммдай нашаа сактаган жаран кармалды

24 февраль 2020 21:05 653 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан КР Жазык кодексинин 267-беренесинин негизинде козголгон сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңгизаттарды сатуунун жолуна бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы билдирди. 

Ушул жылдын февраль айынын ортосунда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймагында  жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1965-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалып, андан 791 грамм салмактагы гашиш табылып алынган. 

Кармалган жарандан 30 даана төрт бурчтуу формадагы басырылган гашиш алынган.  Азыркы учурда Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-kl-shaarynan-bir-kilogrammdaj-nashaa-saktagan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий