Кара-Буура районунда 70 орундуу медресе курулууда

27 октябрь 2020 15:17 1616 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас облусунун Кара-Буура районунда эки кабаттан турганын медресенин курулуш иштери соңуна чыгып калды. Бул тууралуу Талас облустук казынын орун басары Касым ажы Сыдыковдун маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Анын айтымында, медресе 70 адамга ылайыкташып, ичинде окуу жайы, ашкана, дааратканасы дагы бар. Курулуш иштери мындан 8 жыл мурун башталып, каражаттын тартыштыгынан улам токтоп калган эле.

«Бүгүнкү күнгө карата медресенин 80 пайызы бүткөрүлдү. Кудай  буюрса бир айдын ичинде толук аяктоонун алдында турабыз. Эң биринчи максат   келечек муунду  туура жолго салып, аларга илим үйрөтүү.  Бул  райондо медресе жок болгондуктан  элдин талабы менен  башталган иш”, — деди казынын орун басары Сыдыков Касым ажы. 

Ссылка: https://barometr.kg/kara-buura-rajonunda-70-orundu-medrese-kuruluuda



Добавить комментарий