Каныбек Иманалиев: Ай календары кыргыздарга таандык
Жыл сайын 25-30 улут өз тилдерин жоготот. Көп улуттар өз каада-салтын унутуп, улутттук баалуулуктарын жоготту. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев “Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү” деп аталган илимий-практикалык конференцияда билдирди.
Каныбек Иманалиев байылкы доорлордо биздин аймакта жети каганат болгонун, алардан учурда Кытай жана Кыргызстан сакталып калганын айтты.
“Мен ойлойм, бул улуттар өз каада-салтын сактаган үчүн сакталып калышты”,-деп кошумчалады депутат.
Иманалиев Ай календары да кыргыз элинки болгону тууралуу тарыхый далилдер бар экенин айтып өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/kanybek-imanaliev-aj-kalendary-kyrgyzdarga-taandyk
Добавить комментарий ×