Каныкейди ким мыскылдап капа кылды?

19 ноябрь 2019 16:55 5832 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Каныкей Алымбекованын тааныштары, күйөрмандары акыркы учурда кайда кеттиң? деген суроолорду бирөө чын жүрөгүнөн берсе бирөөсү мыйыгынан күлүп берип келишээрин билдирди.  

“Мени акыркы учурда көп сурашчу болду. Эмнеге көрүнбөй жүрөсүң? Качан ырдайсың? - деп жан оту менен күйгөн күйөрмандарыма чын дилимден жүрөгүм жылыйт. Ал эми кээ бирөөлөр тимеле мыскылдап "ай эмне ырдабай калдың?"- деп мыйыгынан күлгөндөрүн деле сезем. Адамбыз да, адамга көз караштын өткүрү эле белгилүү. Мисалы мен эч качан элден сурабайм эмнеге кедейсиң? Качан байыйсың? Качан эрге кетесиң? Качан төрөйсүң? Качан билимдүү болосуң? Же болбосо качан ылдый түшөсүң? Сени карап күлүп алайын -деп ушундай сыяктуу нерселерге ниетим да дитим да барбайт. Тек гана айткым келет силер суроо салып жаткан адамдын азыркы тапта шарты жоктур, а балким колу бошобой жүргөндүр. Миң түркүн абалдан чыга албай же болбосо жан дүйнөсүн ээрчитип алдыга сүрөгөн колдоосу жок болуп жаткан чыгаар. Ошондуктан суроо берээрде ойлонуп, адамдын абалына эч качан сын айтпасак экен", - деген суроолорго пикирин жазды.






Ссылка: https://barometr.kg/kanikej-men-ech-kachan-elden-surabajm-emnege-kedejsin-kachan-bajyjsy



Добавить комментарий