Канат Сагымбаев улуттук коопсуздук органдарынан «Кызмат абалына дал келбейт» беренеси боюнча четтетилген

23 сентябрь 2019 09:27 1541 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, ал мурдагы президенттин туулган күнүнө арналган видео куттуктоого катышканы үчүн иштен алынган жок. Буга чейин ЖМКаларда Алмазбек  Атамбаевдин күзөт башчысы Канат Сагымбаевди мурдакы президентти  видео куттуктоого катышканы үчүн кызматтан бошотулду деген маалымат жарыялаган.

УКМКнын жеке коопсуздук кызматы УКМКнын 9-кызматынын кызматкерине карата эки кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

Канат Сагымбаев июль айында кызматтык куралды кайтарып берүү буйругуна баш ийбей, кайтарган объектиси жок маалда  атайын техниканы гаражга өткөргөндөн баш тарткан. Мунун жыйынтыгында  ага кызматтык абалына толук дал келбей тургандыгы жарыяланган.

2019-жылдын сентябрь айында кызматтык тергөөнүн жүрүшүндө УКМКнын ички эрежелерин бузуп, ЖМК өкүлдөрү менен мыйзамсыз байланышканы аныкталган.

Жогоруда айтылган кызматтык тергөөнүн жыйынтыгында  Канат Сагымбаев улуттук коопсуздук органдарынан «Кызмат абалына дал келбейт» беренеси боюнча четтетилген.

Ссылка: https://barometr.kg/kanat-sagymbaev-uluttuk-koopsuzduk-organdarynan-kyzmat-abalyna-dal-kelbejt-berenesi-boyuncha-chettetilgen



Добавить комментарий