Канат Азиз: Дача-Сууга кулаган самалеттогу жүк Атамбаевдин тегерегиндеги адамдарга тиешелүү болгон

16 май 2019 23:49 2153 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Дача-Сууга кулаган самалеттогу жүк кандай болгон күндө да Атамбаевге же болбосо анын тегерегиндеги жакын адамына тиешелүү болгон. Ал эми бул маалыматка байланыштуу «Ата-Мекендин» юристтерине карата козголгон кылмыш иши жок жерден эле ойлоп табылган деп эсептесе болот» - деп билдирди  соттун бүтүмүнөн соң «Ата-Мекен» партиясынын юристи Канатбек Азиз.

Белгилүү болгондой, бүгүн сотто алар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доо арызын утуп алышты.

 «Биз муну билгенбиз жана Бишкек шаардык соту менен Жогорку сот туура чечим кабыл алаарына 99 пайыз ишенимде болчубуз. Мына ушул кырдаалдын өзү Атамбаевдин режиминен соң жарандар мыйзамдуу жана адилеттүү чечимдерге жетише аларын далилдеп турат. Жана бүгүн бул ишке ашты. Муну республиканын мурдагы башчысына болгон куугунтук катары кабылдаштын кереги жок.

Мен өз пикиримди өзгөртпөйм, кандай болгон күндө да ошол кандуу жүк же Атамбаевге же анын жакын адамдарына тиешелүү болгон. Биз билгендей эле бул фактыга бир дагы илинчек табылган жок. Мен бул окуяга эч кимдин тиешеси болбогондугуна өкүнөм жана мындай кырсык эч качан болбосун. Биз аздан болсо дагы мамлекетте туура жана мыйзамдуу соттук чечимдердин кабыл алынышына жетишебиз» -деди Канатбек Азиз.

Эске салсак, 2017-жылдын март айында юристтер Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз Бишкекте журналисттер үчүн жыйын өткөрүп, КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин кулаган самалеттогу жүккө тиешеси бар экендигин божомолдошкон. Аталган пресс-жыйын соттук териштирүүлөргө чейин жетип, жыйынтыгында ар бири 10 млн. сом төлөөгө жана айтылган сөздөрдөн баш тартууга милдеттендирилген. Төлөм үчүн алардын мүлкү жана эсептери камакка алынган болчу. Бүгүн, 16-майда, юристтер буга чейинки бардык соттук чечимдерди жокко чыгарууга жетишишти. Эми алар эч кимге айп төлөшпөйт жана чет мамлекеттерге да эркин чыга алышат.

Ссылка: https://barometr.kg/kanat-aziz-dacha-suuga-kulagan-samalettogu-zhk-atambaevdin-tegeregindegi-adamdarga-tieshel-bolgon



Добавить комментарий