Канададагы мектеп-интернатта 751 баланын сөөгү табылды
Канаданын Саскачеван провинциясындагы Marieval Indian Residential School мектеп-интернатынын аймагын казуу жүргүзгөндөн кийин 751 баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу NashVancouver булагы кабарлады.
Бул ирет кимдер коюлганы белгисиз мындай көрүстөндөрдө көмүлгөн жашы жете элек балдардын сөөгү рекорддук көрсөткүчкө жетти.
Британиялык Колумбиянын жергиликтүү тургундары үчүн курулган мындай интернаттарга күч менен балдарды алып кетип турушкан.
Көрүстөн Реджайн шаарынын борборунан 140 чакырым алыстыкта жер алын көрсөтүүчү радардын жардамы менен аныкталды. Буга чейин ушундай эле мектеп интернаттын аймагынан 215 баланын сөөгү табылган болчу.
Канаданын чындыкты тактоо боюнча улуттук комиссиясы бул практиканы “маданий геноцид” болгон деп атоодо.
Ссылка: https://barometr.kg/kanadadagy-mektep-internatta-751-balanyn-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×