Канада менен Сауд Арабиясы жарандык активисттерден улам саясий мамилесин бузду

8 август 2018 00:15 1204 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Канаданын Тышкы иштер министри Христя Фриланд: "Сауд Арабиясынындагы Аль Рияддын Канаданын элчисин өлкөдөн чыгарып жиберүү жөнүндөгү коркутуулары Оттаванын позициясын өзгөртө албайт"-деди. Бул туурасында  Аль Жазира телеканалы жазып чыкты. 

Канада Сауд Арабиясындагы аялдын укуктарына байланыштуу чыккан жарандык активисттерди камакка алгандыгы үчүн кийлигишкен. Мындай кийлигишүү Аль Рияд бийлигинин кыжырына тийген. Анын натыйжасында Торонтого каттап жаткан аба каттамдары 13-августтан баштап токтотулаарын билдиришкен. Андан сырткары Аль Рияддагы Канаданын элчисине 24 саат убакыт берип, өлкөнү таштап чыгып кетишин талап кылган. Аль Рияд Канаданы падышачылыктын ички саясатына кийлигишүүсүн жосунсуз деп эсептеген. 

Сауд Арабиясынын мындай кадамдарына Канаданын Тышкы иштер министри: "Канада ар дайым адам укуктарын өлкө ичинде жана дүйнөлүк деңгээлде дагы коргоп келет. Адам укуктары-бул аялдын дагы укуктары"-деп так кесе жооп берди. 



 

Ссылка: https://barometr.kg/kanada-menen-saud-arabiyasy-zharandyk-aktivistterden-ulam-sayasij-mamilesin-buzdu



Добавить комментарий