Кыргызстанда кан тапшыруучулардын саны 178 миңден 39 миңге азайган

23 сентябрь 2019 11:02 723 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Ар жылы ѳлкѳбүздѳ сентябрдын акыркы жумасы “Улуттук кан тапшыруу күнү” катары белгиленет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

23-сентябрдан башталган акция 27-сентябрга чейин уланып, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын морфология корпусунда болот. Быйылкы акция “Баарыбызга коопсуз кан” деген ураан менен өтөт.

Дарыгерлер ыктыярдуу кан тапшыруу медицина тармагында стратегиялык маанилүү окуя экенин белгилешет. Анткени жарандардын кан тапшыруусу менен көптөгөн бейтаптардын өмүрүн сактап калууга болот.

 Акыркы маалыматтар боюнча жыйырма беш жыл ичинде ыктыярдуу кан тапшыруу азайганын адистер баамдашкан. Анын себеби катары массалык маалымат каражаттарында кан тапшыруунун мааниси тууралуу аз чагылдыруу, жарандардын убактысынын жоктугу сыяктуу бир катар маселелер айтылат.

 Эгерде  1985-жылы кан тапшырган ыктыярчылар 178 миң 232 адамды түзсө, 2016-жылы 39 миң 426, 2017-жылы 37 миң 280, 2018-жылы 39 миң 864 адам болуп калды.

Ссылка: https://barometr.kg/kan-tapshyruuchulardyn-sany-178miden-39mige-azajgan



Добавить комментарий