Кайсы жумушта иштеген адамдар көп чарчайт? Билип алыңыз
Бөлүшүү:
Билинбегени менен ар кыл кесиптин ээлери абдан көп энергия сарпташат. Анткен менен башкалар тарабынан көрүнүктүү иш бүтүрбөгөндөй кабыл алынышат. Мындан улам стресс, депрессияга да чалдыгып калуу коркунучу бар. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Алар:
- Кардарлар менен иш алып баргандар (сурап-билүү агенттиктеринин кызматкерлери, жарнама менен иштешкендер, соодагерлер, официанттар жана башкалар);
- Жумуштан улам үй-бүлөсүнө аз убакыт бөлгөндөр (жетекчилер, менеджерлер, командировкага көп чыккандар);
- Чыгармачыл чөйрө. Маал-маалы менен эс алып турбаса, аларда идея түгөнүп, потенциалдары төмөндөп кетет. Ушул убакта көбүнчө чарчоо, тажоо сезимдери капташы мүмкүн.
- Үй кожойкелери.
Ссылка: https://barometr.kg/kajsy-zhumushta-ishtegen-adamdar-kp-charchajt-bilip-alyyz
Добавить комментарий ×