Кайрымдуулук кылган ишкерлер көп балалуу үй-бүлөлөргө 60 батир белек кылышты

15 май 2019 09:29 4024 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Азыркы тапта коңшу Казакстанда кайрымдуу адамдардын катары көбөйүп, бизнесмендер бири-бирине кайрымдуулуктун эстафетасын өткөрүү менен өздөрү ар кандай акцияларды демилгелеп, муктаж болгон адамдарга жардам берип жатышкандыгы тууралуу ernur.kz маалымат булагында айтылды.

Алматы облусунда кайрымдуу адамдары кыска убакытта 60 үй-бүлөнү турак-жай менен камсыз кылган. Ишкерлердин айтуусунда, бул башталышы гана. 

Эми кайрымдуулук эстафетасы башка бизнес өкүлдөрүнүн да жүрөгүнөн түнөк таап, үйсүз жарандарды бактылуу кылат деген пикирлерди айтышууда. 

 Облус ичинде эң активдүү делип Алакол жана Панфилов райондору таанылган. Алардын ар биринде 11 ден үй-бүлө жаңы турак-жайлуу болуп сүйүнүп отурушса, Кербулак районунда 8 үй-бүлө үйлүү болушуп, бакыттын кушу жылмайган.

Ссылка: https://barometr.kg/kajrymduuluk-kylgan-ishkerler-kp-balaluu-j-bllrg-60-batir-belek-kylyshty



Добавить комментарий