Эксперт: Жумалиев ким, Жапыкеев ким? Баалап алгыла!
Социалдык тармакта эксперт Азамат Бактыбековдун "Жумалиев ким, Жапыкеев ким? Баалап алгыла!" деген пикири талкуу жаратты.
Эксперт Кубанычбек Жумалиев менен Сыймык Жапыкеевдин ортосундагы чыр чатак боюнча төмөндөгүдөй пикир калтырды:
"Карантинден кийин кыйналып, ачынып турган элдин абалын Чоң Казат кыймылы өз кызыкчылыгына пайдаланып кеткенин акыл тегереткендер түшүнүп калышты. Бул тууралу эксперт Азамат Бактыбеков социалдык тармакта жазды. Кыймылдын лидери Сыймык Жапыкеев “2,5 млрд. долларлык байлыгын билем, бастырып баралы, кустуруп алалы” деп чакырык таштаган КР Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин анча байлыгы жок экендигин сот залында анын адвокаты мойнуна алды. Анын ордуна Кубанычбек Жумалиев өнөктөштөрү менен бирге Кыргызстандын банктарынан алган 16 млн. АКШ доллар кредити бар экендиги ачыкка чыкты. Бул кредиттер 2006-2015-жылдарда алынып, бардыгы жаңы өндүрүштөрдү жолго коюуга жумшалып келген. К. Жумалиевдин адвокаты бул боюнча бардык документтер бар экендигин ММКларга билдирди.
Эми коомчулукка акыйкатчыл болумуш болуп, иш жүзүндө саясый партиясы менен бийликке барууга жулунуп жаткан Сыймык Жапыкеев ким да, Кубанычбек Жумалиев ким? Коомчулукта, өз чөйрөсүндө буларды ким, кандай адам катары таанып билишет?
Сыймык Жапыкеевдин чоң атасы Жапыке Акжолтоевго илгери совет доорунда эле мамлекеттин мүлкүнө кол салгандыгы үчүн иш козголгон. Ал Тоң районунун даярдоо конторасынын директору болгон. Ал эми атасынын биртууганы Акжолтоев Бактыгул да байлардын катарында. Анын Бишкекте “Салтанат Пэлэс” рестораны, “Олимп” кафеси, “Сыймык” жеке менчик фирмасы бар экендигин айтышат. Бир топ жыл мурда саунада каза болгон фактысы боюнча Б. Акжолтоев кылмыш жоопкерчилигинен ден соолугуна байланыштуу справка көрсөтүп кутулуп кеткен деген маалыматтар айтылууда.
Сыймык Жапыкеев өзү Башкы прокуратурада иштеп жүргөндө кандай резонанстуу кылмыштардын бетин ачкан, тайманбас, акыйкат прокурор болгондугун коомчулук билбейт.
Ал эми КР Жогорку Кеңешинин депутаты, техника илимдеринин доктору, физик-окумуштуу, КР УИАсынын академиги Кубанычбек Жумалиевдин коомдогу, илим чөйрөсүндөгү орду абдан салмактуу. Ал 1992-94-жылдары КР илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитетин башкарган. 1994-95-жылдарда КР Билим берүү министринин орунбасары болуп иштеп жүргөндө билим берүүнү экспорттоого киришкен. Эл аралык талапка жооп бере турган окуу жайларды ачып, чет өлкөлүк студенттердин биздин өлкөдө билим алуусуна, б.а. билим экспортун өнүктүрүүгө чоң салым кошкону Кыргызстан үчүн чоң инвестиция эмей эмне! Мындан тышкары К. Жумалиевдин сунушу менен КР УИАнын беш институтун камтыган Түштүк бөлүмү ачылган. Инновациялык технологиялар боюнча эл аралык университет, компьютердик система жана экономика, байланыштар жана телекоммуникациялар боюнча колледждер жана лицейлер ачылып иштей баштаган. Мындан тышкары тоо-геологиялык, транспорттук колледжи, лицей негизделген. Булардын бардыгы К. Жумалиевдин билим берүүгө кошкон чоң салымы болуп эсептелет. Окумуштуу К. Жумалиевдин илимий изилдөөлөрүнүн арты менен, тампонаждык жана портланд-цемент чыгаруу колго алынды. Мындай цемент жалпы Борбор Азия боюнча жок. Ноокенде курулуп жаткан бул завод ишке кирсе, тампонаждык жана портланд-цемент Казакстанга, Өзбекстанга жана Афганистанга экспорт болмокчу. Бул иштердин бардыгы илим менен ишкердикти айкалыштыра билүүнүн жемиши.
К. Жумалиевдин чыныгы окумуштуу катары жасаган эмгектерине келсек, ал илимпоз катары 100дөн ашуун илимий эмгектерди жараткан, Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө 17 монографиясы жарык көрүп, 350дөй илимий макалалары жарыкка чыккан. Илимдин мыкты устаты катары 23 илимдин кандидатын, 6 илимдин докторун даярдап чыгарган. Илимий табылгаларын иш жүзүнө ашырып келе жаткан бирден-бир окумуштуу. Бизнес жасаса да таза жол менен эл катары банктардан кредит алып иштеп келген. Ал эми көпчүлүктүн башын айландырып жаткан С. Жапыкеев К. Жумалиевдин интеллигенттүү, криминалдык чөйрө менен байланышы жок, илим аркылуу гана өз оюн ишке ашырып келе жаткандыгын билип, атайын агрессивдүү чабуул жасап жаткандыгы айдан ачык.
Жогоруда карандай фактылар келтирилди. Ойлонгон адам кимдин ким экендигин ажыратып алаар...
Р.S. Сөз эркиндиги демиш болуп, “өзү теңелбесе дагы, сөзү теңелген “кемчонтой”, дейдилердин күнү тууп, тили менен орок оргондордун заманында жашап жатабыз", - деген пикирин калтырган.
Ссылка: https://barometr.kg/k-zhumaliev-kim-s-zhapykeev-kim-baalap-algyla
Добавить комментарий ×