Кубатбек Боронов: "Кыргызстан Өзбекстандан кечирим сураган эмес"

4 июнь 2020 17:12 1352 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн өткөн  парламенттин сессиясында кыргыз-өзбек чек арасындагы чатак тууралуу талкуу жабык эшик артында өттү.

Анда депутаттар биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдон Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун билдирүүсүн түшүндүрүп берүүнү талап кылышты. Боронов парламентте хронологиялык негизде гана маалымат берип, калганын жабык талкуулоону сунуш кылган. Спикер Дастанбек Жумабеков маалыматты ачык түрдө, ал эми талкууну жабык түрдө улантууну сунуштаган. Аны депутаттар колдоп, азыр жыйын жабык уланып жатат.

Кечээ, парламенттик отурумда Закирдин Шарапов Сох районунун жашоочулары менен Өзбекстандын премьер-министринин суйлөшүүсү тууралуу депутаттарга айткан.

«Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушуудан кийин Сох районунун элине калп айтканын, анда кыргыз тарап жолду жапканы үчүн кечирим сурады деп билдирген. Андан сырткары жайыт жерлер тууралуу  суроолор чечилгени жөнүндө маалыматтар аталган тараптын социалдык тармактарында жайылууда» - деди ал.

Сүйлөшүүлөр дипломатиялык негизде жүргөнүн, кыргыз тарап кечирим сурабаганын, биз ЕАЭБ мүчө мамлекет болгондуктан баары келишимдин алкагында жасалып, жолдор жабылганын Кубатбек Боронов өз кезегинде түшүндүрүп өттү.  

  
 
Эскерте кетсек, 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Анын кесепетинен 25 кыргыз жараны жаракат алган, эки адамдын аба оор бойдон калууда. Ал эми Өзбекстандын 187 жараны жаракат алганы кабарланган.  

Ссылка: https://barometr.kg/k-boronov-kyrgyzstan-zbekstandan-kechirim-suragan-emes



Добавить комментарий