Ижарачынын 5 жыл боюу төлөбөгөн карызы 13 миллион сом болгон
Бишкек мэриясы ижарачынын олуттуу карызын төлөттү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдирди. Маалыматка ылайык, 2014-жылы Ж.Дүйшеевге “Кара-Жыгач” конушунун Анкара көчөсүнөн жеңил курулуштагы дүкөн жайгаштырууга 0,0187 гектар жер тилкеси берилген.
Ижарачы Ж. Дүйшеев менен кечиктирбей ижара акысын төлөп турууга келишимге кол коюлган. Эгер учурунда төлөнбөсө үстөк пайызы кошулаары да так көрсөтүлгөн. Бирок, ижарачы ошондон бери бир да жолу ижара акысын төлөгөн эмес.
Мунун айынан жер ресурстарын тейлөө башкармалыгы тарабынан ижара акысын өндүрүү жана келишимди жокко чыгаруу боюнча доо-арыз жазылган. Бир канча соттук териштирүүдөн кийин 2019-жылдын 11-апрелинде КР жогорку соту башкармалыктын пайдасына чечим чыгарып, ижарачыга 13 763 638,0 сом жана үстөк пайызы 1 720 454,0 сом төлөп берүү бүтүмүн чыгарды.
Учурда соттук чечимди ишке ашыруу борбордогу Октябрь райондук соттук кызмат бөлүмүнө тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/izharachynyn-5-zhyl-boyuu-tlbgn-karyzy-13-million-som-bolgon
Добавить комментарий ×