Ислам Кызматташтык Уюму БШКнын шайлоону ачык жана таза өткөрүүгө болгон аракетин баалады

10 январь 2021 16:07 2926 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) элчиси Гутали Али өз сөзүндө ИКУ Кыргыз Республикасында мыйзамдуу жана таза шайлоону өткөрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

ИКУнун миссиясы буга чейин Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго мониторинг жүргүзүп келген жана автоматтык идентификациялоо жана эсептөө тутумун колдонуу менен Кыргызстандын шайлоо тутумунун процесстин ачыктыгын жана натыйжалардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуудагы жетишкендиктерин жогору баалайт.

“Шайлоо күнү биздин миссия ушул тутумдун иш жүзүндө кандайча иштээрин түздөн-түз байкай алат", - деди ал.

Кыргыз Республикасынын БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова эл аралык байкоочуларга дүйнө жүзү боюнча оор эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, Кыргыз Республикасында болуп жаткан демократиялык процесстерге кызыгуусун билдирип, шайлоого жана референдумга байкоо жүргүзүүгө катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Мониторингдин натыйжалары боюнча эл аралык байкоочулардын пикирлери жана сунуштары биздин шайлоо тутумубузду өркүндөтүүгө жардам берет”, - деди Шайлдабекова.

Ссылка: https://barometr.kg/islam-kyzmattashtyk-uyumu-bshknyn-shajloonu-achyk-zhana-taza-tkrg-bolgon-araketin-baalady



Добавить комментарий