“Ишеним” саясий партиясынын төрагасы Азамат Дороев: Ишеничиңиздерди актайбыз деп убада берем!

26 ноябрь 2021 13:58 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Ишеним” саясий партиясынын төрагасы Азамат Дороев  Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого байланыштуу кыргызстандыктар кайрылды.

"Урматтуу мекендештер, кадырлуу кыргызстандыктар! Татыктуу парламентти тандоо оңой эмес. Элдин ишенимин жана үмүтүн актоо андан да кыйын. Кыргызстан жаңыланууга тарыхый мүмкүнчүлүк алды, биз аны кайрадан колдон чыгарууга акыбыз жок. Өлкөбүздө өткөн буга чейинки үч төңкөрүш бизге сабак болду.Биз ич ара саясатташып,бир нече ажырымга бөлүнбөй, бирге иштеп, мамлекетибизди алдыга сүрөйлү! Мен жаш саясатчы катары эски калыптанган системаны жаңы нукка буруп сиздер эңсеп кыялдангандай эле, мен дагы өнүккөн күчтүү Кыргызстанды көргүм келет.Кооз жерлерибиздин мүмкүнчүлүгүн колдонуп, туризмди өнүктүрүү керек.Ошондой эле жаш, жаңы кадрларды даярдап, чет элдк жүргөн мекендештерибизди жумуш менен камсыздап, алардын илимин-билимин колдонуу менен мамлекетибизди алдыга жылдыралы. 

Кымбаттуу кыргыз элим, "Ишеним" саясий партиясына ишеним көрсөтүп, колдоп бериңиздер.

Чогуу өлкө келечегин туура багытка өзгөртөлү.Биз бул жоопкерчиликтүу жүктү моюнга алууга даярбыз.Ар бир аманат кылган ишибизди аткарып, ишеничиңиздерди актайбыз деп убада берем! Мына шайлоого саналуу гана күн калды, андыктан туура тандоого чакырып өтөм. Өлкөбүздө тынчтык асманыбыз ачык, мекенибиз Кыргызстан гүлдөп өнүгө берсин.Биз ишеничти актайбыз!

Урматым менен “Ишеним” саясий партиясынын төрагасы Азамат Дороев!",-деп айтылат кайрылууда.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Ишеним” саясий партиясы №9 катар номер менен шайлоого катышууда.


Даярдоочу: «Barometr.kg.» редакциясы. Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 26-ноябрында даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6, 01.09.2021 жыл).

Ссылка: https://barometr.kg/ishenim-sayasij-partiyasynyn-tragasy-azamat-doroev-tatyktuu-parlamentti-tandoo-ooj-emes



Добавить комментарий