"Ишеним" партиясы: Шайлоо ийгиликтүү, таза өттү
"Ишеним" партиясы шайлоонун алыдын ала жыйынтыктарын тааныйт. Бул тууралуу партиянын штабынан билидиришкенин "Барометр" маалымдайт.
"28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ийгиликтүү, таза өттү. Административдик ресурс дээрлик колдонулган жок. Ооба, мүчүлүштүктөр болду, себеби бул шайлоо системасы эл үчүн дагы, талапкерлер үчүн дагы жаңылык. Эң негизгиси атаандаштык таза жүрдү. Шайлоо күнүнө чейин жана шайлоо учурунда катталган айрым туура эмес аракеттерге бийлик алдын алып, бөгөт койду. Чет элден келген көзкарандысыз байкоочулар дагы, айрым талапкерлер дагы дал ушул бааны беришүүдө. Өлкө башчы таза шайлоону камсыздап берди, ат салышууда ким жеңип, кимдин жеңилээри - элдин тандоосуна коюлду", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/ishenim-partiyasy-shajloo-ijgilikt-taza-tt
Добавить комментарий ×