Бишкекте салтуу музыка жумалыгы өтүп жатат.Иш-чаралардын тизмеси.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министирлиги жана “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду менени биргеликте «Салттуу музыка жумалыгын» өткөрүп жатат.
22-апрелде өтө турган иш чаралар:
Саат 11:00дө:
Калый Молдобасанов атындагы КУК лекция: “Салттык музыкалык искусствону заманбап изилдөө маселелери жана жашоо турмуштагы орду”, баяндамачы: Саида Елеманова – Казахстан Республикасынын Нур-Султан (Астана) шаарындагы Улуттук Өнөр университетинин профессору, искусство таануу илимдеринин кандидаты, Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
Саат 14:00дө:
М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жай Лекция жана жолугушуу: “Салттык музыкалык искусство – Борбордук Азиянын музыкалык маданиятынын феномени”, “Аспаптар – этностун руханий мурасы”, баяндамачы: Искусство таануу илимдеринин доктору, Ташкенттеги Мамлекеттик консерваториянын профессору Р. Абдуллаев.
Саат 18:00дө:
Т. Абдымомунов атындагы КУАДТ Салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багытына арналган манасчы, дастанчы, төкмө акындардын концерти.
23-апрелде өтө турган иш чаралар:
Саат 11:00дө
К. Молдобасанов атындагы КУК Мастер-класс: Түрк тилдүү элдердин руханий мурасы – ЖЕТИГЕН аспабы (Казак жетигенинин мисалында) – Курмангазы атындагы Улуттук консерваториясынын окутуучусу, “Каусар” жетигенчилер тобунун жетекчиси Нургул Жакыпбек кызы. Казакстан
Саат 14:00дө:
К. Молдобасанов атындагы КУК “Борбордук Азиянын Салтуу музыкалык маданиятынын бүгүнкү абалы жана аны сактоо, изилдөө маселелери” Искусство таануу илимдеринин кандидаты, ICTM дүйнөлүк уюмунун “Макам” изилдөө борборунун жетекчиси Жумаев Александр Бабаниязович. Өзбекстан
Саат 18:00дө:
Т. Абдымомунов атындагы КУАДТ Салттуу музыкалык искусствонун аспапчылык багытына арналган комузчу, кыякчы, чоорчу аспапчылардын концерти.
24-апрелде өтө турган иш чаралар:
Саат 09:00дө:
Улуттук илимдер Академиясы “Салттуу музыкалык искусство этностордун дүйнө таанымында жана маданиятында” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция.
Саат 18:00дө:
Т. Абдымомунов атындагы КУАДТ Салттуу музыкалык искусствонун аваздык-аспапчылык багытына арналган элдик жана автордук чыгармаларды аткарган ырчылардын концерти.
25-апрелде өтө турган иш чаралар:
Саат 15:00дө:
Ала Тоо аянты Улуттук аспаптарды жасаган усталардын мастер-класстары жана көргөзмө-жарманке. Кыргыздын жана Кыргызстанда жашап жаткан этностордун маданиятын таанытууга арналган кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси.
Саат 17:30дө:
25-апрель Салттуу музыка күнүнүн 15 жылдыгына арналган Жумалыктын жабылыш Гала-концерти. Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү: манасчы, дастанчы, акындардын, комузчу, кыякчы, чоорчулардын, элдик жана автордук чыгармаларды аткарган авазы таңшыган ырчылардын катышуусунда.
Ссылка: https://barometr.kg/ish-charalardyn-tizmesi-bishkekte-saltuu-muzyka-zhumalygy-tp-zhatat
Добавить комментарий ×