Кыргызстан Исфана шаарын суу менен жабдууга 5 млн евро грант алат. Жээнбеков кол койду
Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.
Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Маалымат:
«Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа бирлиги тарабынан Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонддун (IFCA) каражаттарынан берилүүдө.
Долбоордун жалпы суммасы 5,0 млн еврону түзөт, анын ичинде:
— Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити — 1,6 млн евро;
— Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонддун (IFCA) каражаттарынан Европа бирлигинин гранты — 2,4 млн евро;
— Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын гранты — 1,0 млн евро (техникалык кызматташтыктын каражаттары).
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредит берүүсүнүн финансылык шарттары: кредит 15 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 3 жылдык жеңилдетилген мезгил жана Euribor +1,0% пайыздык ставка (өзгөрүлүп туруучу пайыздык ставка) менен берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 3 жыл. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн кош каржылоо каралган эмес, тиешелүү түрдө бул долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен финансы каражатын бөлүү талап кылынбайт.
Ссылка: https://barometr.kg/isfanada-suu-menen-zhabduu-dolbooru-ishke-ashat
Добавить комментарий ×