Иракта Мисс-2015 Багдад сулуусун башка үч жолу атып өлтүрүп кетишти

28 сентябрь 2018 14:25 1592 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

"Ирак сулуусу-2015" титулунун ээси, социалдык баракчаларда ар кандай чуулуу сүрөттөрү менен белгилүү болгон Багдад периси Тару Фарести унаасынын ичинен башка атып өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Курдистан 24 маалымат агенттиги жазып чыкты. Маалыматта 22 жаштагы Тару Фарестин инстаграмдагы баракчасына  ак-кара түстөгү сүрөтү жүктөлүп, анын алдына "Кудай ушул кыздын кылган күнөөлөрүн кечирип, мээримине алсын" деген билдирүү жазылган. Андан көп узабай эле Тару Фарестин каза болгону айтылган. Учурда полиция кызматкерлери кылмышкерлерди издеп жатат.

Тару Фарес 2015-жылы "Ирак сулуусу" сынагын жеңгенден кийин Европага барып жашаган. Бирок ал жакта узак убакыт жүрбөй мекенине кайтып келген.

Ссылка: https://barometr.kg/irakta-miss-2015-bagdad-suluusun-bashka-ch-zholu-atyp-ltrp-ketishti



Добавить комментарий