Интернеттин мээге болгон таасири

14 февраль 2019 10:50 1474 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эмне себептен орто курактагы айымдардын эс тутуму начар болот? Бул боюнча сөз кылмакчыбыз.

Интернетке болгон көз карандылык эстеп калуу түзүмүн начарлатат

Психолог адис: “Мен курактуу, көптөгөн тааныштарым интернет колдонуп баштагандан бери, эстеп калуу түзүмүм начарлап жатат”,-деп мага көп кайрылып калышат. Ага жооп жооп катары атайын социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча: “10 жаштан 70 жашка чейинки интернет колдонуучулардын 20 пайызы эс тутуму начарлап, унутчаак болуп калгандыктарын айтышкан”.

Көрсө, интернеттен алынган маалыматтар убактылуу экен. Анткени, сиз андан ачып окуп, кайра дароо эле унутуп калуу процессине кабыласыз.

Мисалга, атайын бир маалымат алуу үчүн китепканага бардыңыз. Ал жактан дагы таба албай китеп саткан дүкөнгө барып, өзүңүзгө керектүү маалыматты улам бир китептен издеп, экинчисинен таап алдыңыз. Бул окуянын бардыгы бири-бирине тыгыз байланышкан. Себеби, сиз бир маалыматты издеп баштап, акыры аны таап ага токтолуп жатасыз.

Ал эми, интернетте сиз бир гана телефонго, анын экранына байланасыз. Муну бир эле комнатанын, бир бурчунда отуруу менен салыштырууга болот. Ал сыяктуу канча жер которбоңуз, баягы эле телефон, ошол эле интернет. Сиз интернеттен алынган маалыматты алып, өзүңүзгө сиңирүүгө аракеттенесиз, а бирок сиз ал интернет айдыңына кирдим дегиче бир маалыматтан баш айлануу жаралып, экинчи маалыматка секире бересиз. Ошентип, ага кайра кайрылам деп отуруп, жыйынтыгында эч кандай пайдалуу маалымат ала абай калат экенсиз.

Андан да коркунучтуусу интернет көз карандылыгына өтө байланган адамдар, ички эмоционалдык көрүнүшүн бир гана телефон аркылуу чагылдырып калат.

Ошондуктан, достор интернеттен алыс болуп, таза абада, тоо койнунда эс алууну адатка айланталы.

Ссылка: https://barometr.kg/internettin-meege-bolgon-taasiri



Добавить комментарий