Интернетте жаш баланы сүзүп качып кетти деп таркап жаткан видеодогу айдоочу кармалды

27 февраль 2021 14:46 2996 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Туңгуч кичи районунан жаш баланы сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Буга чейин, 25-февралында  интернетте белгисиз авто унаа жаш баланы сүзүп андан ары кетип калганы тууралуу видео тараган. Окуя болжол менен саат 9:56 чамасында Анкара көчөсүнүн 1/8 дарегинде болгон. Айдоочу белгисиз авто унаа менен 2001-жылы туулган М.Э. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

“Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш чараларын жүргүзүп, натыйжада “Volkswagen Passat” үлгүсүндөгү авто унаанын 1969-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочусун  кармашып, Бишкек ШИИББнын жол кырсыктарын тергөо боюнча Тергөө кызматына өткөрүшүп беришти. Ал эми авто унаасы убактылуу токтотуучу короо жайга киргизилди”, - деп айтылат маалымта.

Ссылка: https://barometr.kg/internette-zhash-balany-szp-kachyp-ketti-dep-tarkap-zhatkan-videodogu-ajdoochu-karmaldy



Добавить комментарий