Индонезияда жаш бала батпарек менен абага көтөрүлүп кетип, жерге кулаганда сөөктөрү сынып кеткен

10 декабрь 2020 11:29 4626 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Индонезияда 12 жаштагы бала батпаректин жибине асылып алып асманга көтөрүлүп кеткен. Жерге кулаганда баланын эки колу жана бир канча сөөктөрү сынып кеткен. Бул тууралуу “Кокосы  Джакарта” сайтына жазылган маалыматка таянып “Бароемтр” билдирет.

Интернетте вируска айланган видеодон көрүнүп тургандай эле, колу менен батпаректин жибине асылып алган бала өзүнүн боюунан үч эсе бийиктикке учуп кеткен.

Маалым болгондой, жерге кулаган баланын эки колунун алты жеринен сынып кеткен.

Окуянын күбөлөрү баланы дароо жергиликтүү ооруканга алып барышкан.

Кырсыктаган баланын 28 жаштагы Ацил аттуу агасынын айтымында баары бирге батпарек учурганы барышкан. Бирок, окуя болгон учурда ал инилерин автоунаада күтүп олтурган. Батпаректи абага койо берерде эки бир тууган болушкан. Агасы инисинин жипке асылып алганын байкабай батпаректи асманга койо берип жиберген.

“Иним дайыма ушундай арканга асылып ойногонду жакшы көрчү. Бул жолу мындай кырсык менен аяктап жатат”, - деди Ацил.

Окуядан кийин бийлик, балдар өз көлөмдөрүнө туура келген батпарек учурушу керектигин эскертти. Анткени, бул окуя биринчи жолу гана болуп жаткан жок.

Буга чейин да, Индонезиянын шаарларынын биринде  14 жаштагы өспүрүм батпаректин жибине илинип, болжол менен 11 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп кеткен. Андан кийин батпарек үзүлүп түшүп, бала жерге кулап, урулган соккудан жамбашын сындырып алган.

Ссылка: https://barometr.kg/indoneziyada-zhash-bala-batparek-menen-abaga-ktrlp-ketip-zherge-kulaganda-eki-kolunun-alty-zheri-synyp-ketti



Добавить комментарий