Иммунитетти бекемдөөчү мыкты каражат
Төмөнкү каражаттардын кошулмасы, сизди күнү бою сергек жүрүүгө жардамга келет. Ошондой эле, бул кошулма иммунитетти бекемдөөчү мыкты каражат болуп саналат.
Керектелүүчү азыктар
300 грамм грек жаңгагы
300 грамм өрүк
300 грамм инжир
300 грамм кара өрүк
300 грамм мейиз
2 стакан бал
2 лимон
Бардыгыбызга белгилүү болгондой өрүктун курамы калийге өтө бай. Ал эми, кара өрүк болсо ичеги-карынды тазалоочу мыкты жемиш болуп саналат. Мейиз тамак-ашты сиңирүүгө жардамга келет. Жаңгак жүрөк оорулардын алдын алат.
Ал эми лимон менен бал абдан пайдалуу тамак-аштын курамын түзөт.
Даярдоо жолу
Төмөндөгү бардык мөмө-жемиштерди жакшылап, тазалап жууп алабыз. Жууп алган соң, жылуу сууга бираз тыныктырып коёбуз. Эми алардын бардыгын эт өткөргүчтөн (мясаровка) өткөрүп алабыз. Даяр болгон соң, балга кошуп аралаштырабыз. Даярдалган аралашманы күнүгө ач карын тамактын алдында бир чоң кашыктан жеп туруш керек. Белгилей кетчү нерсе, даяр аралашманы караңгы жерде сактаган жакшы.
Мындай кошулма суук тийүүдөн сактап, иммунитетиңизди көтөрүүгө жардамга келет.
Ссылка: https://barometr.kg/immunitetti-bekemdch-mykty-karazhat
Добавить комментарий ×