Илим Карыпбеков КТРКда эч ким Жанетта Бобковага "бөгөт" койбогонун айтып ырчынын таарынычына жооп берди
Акыркы учурларда Коомдук биринчи каналдын дарегине таарыныч каттары биринин артынан экинчиси жазылып жатат. Мындай таарыныч каттарынын кезектегисин ырчы, Юрий Бобковдун Жанетта Бобкова жазгандыгы маалым болду.
Маалыматтарга караганда, Илим Карыпбеков менен кайнатасы Юрий Бобков Жанетта Бобкованын КТРКга кирүүсүнө бөгөт болуп жаткандыгына ырчы нааразы болгон. Бул интернетте катуу сынга алынып КТРКнын жетекчисинин жана Бобковдун дарегине терс сын пикирлер айтылган. Буга жооп кылып Карыпбеков:
"Жанетта Бобкованы Карыпбеков менен Юрий Бобков КТРКга чакырттырбай, көрсөтүүлөргө чыгарууга бөгөт коюп, Юрий Бобков продюсерлердин баарына айтып чыгыптыр" - деген сөздөр боюнча бир аз маалымат.
Мага бир жумадан бери бул маселе боюнча жогору жактагы адамдар дагы телефон чалышып, Facebook баракчаларында дагы аттуу-баштуу инсандарыбыз жазып келе жатышат.
Достор! Мен КТРКнын продюсерлери менен дагы сүйлөшүп чыктым ар бири менен өзүнчө. Юрий Бобков менен дагы сүйлөштүм. Жанетта Бобкова менен дагы сүйлөштүм.
Бир дагы КТРК продюсерине Юрий Бобков Жанеттага бөгөт кою боюнча кайрылган эместиги такталды. КТРКда бир дагы адам азырынча Юрий Бобков Жанета боюнча туура эмес сөздөрдү сүйлөдү дегенин азырынча айтыша элек, мен уга элекмин. Ошондой болсо, факты келтирүүңүздөрдү суранам.
Юрий Бобков өзү мага келип Жанетта Бобкова жөнүндө жылуу сөздөрүн айтып, жакшы каалоо тилектеринен бөлөк сөз сүйлөгөн жок. Ал эмес Жанеттага дайыма азыркы келининдей мамиле кылаарын билдирип "Бобковы своих детей не бросают" деп айтып кетти.
Жанета менен өзүм сүйлөшүп, жолугушууну сурандым. Азыр убактым жок деп айтып, Дүйшөмбү күнү келмей болду.
Эми өзүмдүн айтайын дегеним, мен дагы Жанеттаны сыйлайм, баалайм. КТРКда эч ким Жанеттаны басмырлоо, кемсинтүү кылайын деген ойу жок. Андай болушу мүмкүн эмес, мен дагы жол бербейм. Жанетта өзү деле, биздин айрым кызматкерлер деле жакшы билишет жана далилдеп бере алышат, Жанеттаны мен жеке кыйын учурга кабыл болгондо менден эчким сурабаса деле өзүм колдоп бергем жакын эле арада. Ошондуктан көп сөз кылып кереги жокко дейм. Жанета жакшы чыгармаларды жаратып, аракет кылып жатса Жанетта эмес, өзүбүз жанталашып, аркасынан түшүп келип көрсөтүүлөргө катышып кетүүсүн суранабыз. Мындай учурда 15 Юрий Бобков жол тосуп, бөгөт койсо дагы ийгиликти токтото алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Жанеттага чыгармачылык ийгиликтерди, ал эми эл-журтубузга сабырдуулукту тилейм. Аман болуңуздар!" -деп интернет баракчаларына пост жазды.
Бул постко көпчүлүк эки жаатка бөлүнүп алып пикир калтырышууда.
Бир топ "Жанета туура айтат" десе, экинчи топ Карыпбековду "туура айтасыз" деп колдоого алышууда.
Эске салсак, КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков буга чейин Роза Шакированын таарынычына жооп берген.
Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekov-ktrkda-ech-kim-zhanetta-bobkovaga-bgt-kojbogonun-ajtty
Добавить комментарий ×